Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:10

Ак-Сууда 54 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектелген адам кармалды


Бул тууралуу Ак-Суу райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кылмышка шектелген Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айлынын 20 жаштагы тургуну Кайрат Жумагулов. Ал 11-апрель күнү мас абалында Ак-Суу айлынын тургуну, 54 жаштагы аялды зордуктап, андан соң муунтуп өлтүргөн деп айыпталууда. Кылмыш учурунда аялдын күйөөсүнүн колу бутун байлап, башка бөлмөгө камап койгон. Маалым болгондой, ал бул үй-бүлө менен арак ичип отурганда ортолорунда чыр чыккан. Кылмышка шектүү Жумагулов бул тууралуу тергөөдө көрсөтмө берип, күнөөсүн толугу менен моюнга алды.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. (AsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG