Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

Тажикстан: орусиялык аскерий базада иштегендер нааразылык акциясын өткөрдү


Орусиялык базада иштеген жергиликтүүлөрдүн нааразылык акциясы. куляб шаары. 15-апрель 2015

Орусиялык базада иштеген жергиликтүүлөрдүн нааразылык акциясы. куляб шаары. 15-апрель 2015

Орусиянын Тажикстандагы аскер базасында иштеген тажик жарандары митингге чыкты. Кулябдагы базада эмгектенген ондогон жергиликтүүлөргө маяналары жарым жыл бою төлөнгөн эмес. Митингдин катышчуусу Базаралы Балтабаев базанын командири аларга эмгек акыңар төлөнөт деп убада кылганын “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, буга чейин да мындай убада көп берилип, аткарылган эмес.

Базадагы Орусиянын мартабалуу өкүлү Игорь Щербако́вдун жакында билдиришинче, жергиликтүү жумушчулар ортомчу фирма аркылуу жалдангандыктан, маяналар үчүн база жооптуу эмес. Ортомчу фирма жумушчулардын маянасы үчүн акчаны база которбогонун айткан.

Тажикстанда Орусиянын 7 миң чакты аскери бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG