Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Тажик полковниктин уулу Сириядагы согушта курман болду


Cириядан кайтып келген тажик жараны Парвиз Набиев. Шаартуз району. 13-апрель 2015
Cириядан кайтып келген тажик жараны Парвиз Набиев. Шаартуз району. 13-апрель 2015

Тажик милициясынын отставкадагы полковниги Жумахан Мухтаровдун уулу Сирияда ислам согушчандарынын катарында жүрүп окко учту. Мухтаровдун 15-апрелде “Азаттык” радиосуна билдиришинче, 26 жаштагы уулу Диловар жакында курман болгонун ага Мамлекеттик коопсуздук комитетинен кабарлашкан. Анын айтымында, уулу былтыр биринчи жолу Сириядан телефон какканда тез Тажикстанга кайтып кел деп суранган. Жаштарды “Ислам мамлекети” жана башка экстремисттик топтордун катарына азгырып жүрөт деп шектелген тажик жаран кармалганын 14-апрелде тажик бийликтери маалымдаган. Түркияда Хусейн Кары деген ат менен белгилүү береги киши Москвадан үч тажикстандыкты Сирияга жөнөткөнү айтылат.

XS
SM
MD
LG