Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:09

Нарын: Облуста 200дөй баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок


Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, Ат-Башы районунда 94, Жумгалда 39, Кочкордо 32, Нарын районунда 16 жана Нарын шаарында 12 бала туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок жүрөт.

Ошондой эле аймакта жарандардын жөлөкпул алуусуна, жаш курагы боюнча пенсияга чыгышына байланыштуу маселе да көбөйө баштады.

Обладминистрация жер-жерлерде социалдык саясат иштери жакшы жолго коюлбагандыктан жарандардан түшкөн арыз, даттанууларынын саны кескин өсүп кеткенин белгелейт. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG