Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Украинада Жогорку Раданын мурдагы депутатын өлтүрүп кетишти


Олег Калашников.
Олег Калашников.

Олег Калашниковду Киевде үйүнүн жанында атып кетишкенин Ички иштер министрлиги тастыктады. 52 жаштагы Калашников мурдагы президент Виктор Януковичтин “Аймактар партиясынан” Жогорку раданын мурунку чакырылышында депутат болуп шайланган.

Кабарларга караганда, ал “Антимайдан” кыймылынын ишмердигине таандык айрым жашыруун маалыматтарга ээ болгон. Аталган кыймыл 2013-жылдын аягы жана 2014-жылдын башында Майданда Януковичтин бийлигин кетирүү талабы менен чыккандарга каршы уюшулган.

Ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко “маркум “Антимайдан” каяктан кандайча каржыланганы тууралуу көп маалыматтарды билген. Анын өлүмүнө ушул себеп болушу ыктымал” деген божомолун билдирди.(SE)

XS
SM
MD
LG