Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

Иракта “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери чабуулду күчөттү


Рамади шаарынан Албу Фараджа аймагына качкан тургундар. 11-апрель, 2015-жыл.

Рамади шаарынан Албу Фараджа аймагына качкан тургундар. 11-апрель, 2015-жыл.

Анбар провинициясындагы Рамади шаарына жакын үч айылды 15-апрель күнү “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери ээлеп алды. “Ассошиэйтед Пресс” агенттиги электр станциясы менен полиция бөлүмчөсү жардырылганын кабарлады. Маалыматтарга караганда, аймактык администрацияга эки чакырымдай аралыкта салгылашуу уланып жатат.

Эки күн мурда Иракта “Ислам мамлекети” тобуна каршы сокку күчөтүлүп, согушкерлердин мизи кайтарылганы тууралуу бийлик кабар тараткан болчу.

14-апрель күнү Вашингтондо Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади президент Барак Обама менен жолугуп, аскерий жардам сураган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG