Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Кадыралиевдин баш коргоо чарасы кийинки апта каралат


Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Канжар Кадыралиевди камакка алуу боюнча Башкы прокуратуранын көзөмөл арызы сотко келип түштү.

Канжар Кадыралиевдин баш коргоо чарасын өткөн жума күнү Бишкек шаардык соту карап, үй камагына чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Мамлекеттик айыптоочулар шаардык соттун чечимин бузуу боюнча Жогорку Сотко көзөмөл арыз менен кайрылган болчу.

Башкы прокуратура буга чейин депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге карата бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Мындан кийин Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин сыртынан чыгарган. Андан бери Кадыралиев кайда экени белгисиз болуп, Интерпол аркылуу да изделип жаткан. 26-мартта Кадыралиев ден соолугуна байланыштуу дарыгерлерге кайрылып, андан кийин өз эрки менен прокуратурага келген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG