Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:17

Асылбек Жээнбеков Абдылда Капаровду сотко берет


Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Ош облустук милициясынын мурунку жетекчиси Абдылда Капаровду Улуттук оппозициялык кыймыл өткөргөн курултайда өзү тууралуу айткандары үчүн сотко берет. Бул тууралуу спикер бүгүн парламент жыйынында билдирди.

Депутат Равшан Жээнбековдун бүгүнкү жыйында Капаров курултайда ЖК төрагасын 2010-жылдагы июнь окуясында элге курал тараткан деп айыптаганын айткан.

- Капаров чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратканы үчүн сотто утулган. 100 миң сом айып пул салынган. Бизге ал акчанын кереги жок, бизге намыс керек. Көнүл бурбайын десе кайра анын сөзун депутат сүйлөп атат. Эми депутатты күбө кылып айла жок сотко беребиз. Башкы прокуратурага берем. Сот дагы териштирет, - деди спикер.

Асылбек Жээнбеков Равшан Жээнбеков убагында социалдык объектилерди сатып кеткен, коомго бүлүк, чагым салгысы келет деп катуу айыптады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG