Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Мугалимдердин айлык-акысы көтөрүлүшү мүмкүн


Быйыл сентябрь айына карата мугалимдердин маяналарын 50 пайызга чейин көтөрүү маселеси каралып жаткандыгын бүгүн билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жыл сайын бюджеттен мектептерге 200 миллон сом бөлүнөт. Азыр мектептерге 11 млн. 890 миң окуу китеби жетишпейт. 1-сентябрга карата китептерди 100% толуктоо үчүн 600 млн. сом жана жыл сайын кошумча 100 млн. сом керек. Министр учурда өлкөдөгү мектептердин 80 пайызга жакыны оңдоп-түзөөгө муктаж экенин айтты. (ZA)

XS
SM
MD
LG