Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:54

АКШ элчилиги 152 тонна жүк боюнча комментарий берди


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Украина авиакомпаниясынын учагы менен 152 тонна белгисиз жүк Кыргызстанга алынып келинди деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди. Элчиликтин маалымат кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, алынып келинген жүк жаңы салынып жаткан имаратка керектүү материалдар болгон.

Буга чейин "Дело №" гезити марттын соңунда эки ирет белгисиз жүк менен Украинанын авиакомпаниясына таандык учак “Манас” эл аралык аэропортуна конгонун жазган. Маалыматта дипломатиялык макамдан улам келген жүк текшерүүгө алынбаганы айтылат.

Ушундан кийин Орусиянын айрым маалымат каражаттары АКШ Кыргызстанда кезектеги ыңкылап өткөрүүгө даярданып жатат деп жазып чыгышкан. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG