Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

«Кыргыз мамлекетинин тарыхы» китеби чыкты


Китептин автору -- профессор О. Ибраимов. Ал мурунку мамлекеттик жана коомдук ишмер, азыр КТМУнун кафедра башчысы, окумуштуу, активдүү публицист, “Азаттыктын” штаттан тышкары колумнисти. Илимий-популярдуу стилде жазылган бул китепте кийинки 30 жыл аралыгындагы Кыргызстандын саясий тарыхы, мамлекет катары калыптанышы жана оош-кыйыштары талдоого алынат. Кайра куруу доорундагы окуялар, эгемендиктин алгачкы жылдары, кризис мезгили жана реформалар, 90-жылдардагы саясий процесстер, “Кумтөр” жаңжалынын чыныгы тарыхы, Т. Усубалиев менен А. Масалиевден тартып А. Акаев, К. Бакиев, Р. Отунбаева жана А. Атамбаевге чейинки жетекчилердин портреттери, ошондой эле Кыргызстандагы оппозициялык кыймыл, анын негизги өкүлдөрү, алардын саясий турмуштагы ролу китептин негизги мазмунун түзөт. Албетте, 2005 жана 2010-жылдардагы мамлекеттик төңкөрүш, анын ички жана тышкы өбөлгөлөрү, себептери жана жыйынтыктары китептин негизги темаларынын бири.

Китепте көп сандаган фотолор, негизги саясий окуялар тууралуу иллюстрациялар, конкреттүү цифралар жана кенен статистикалык маалыматтар бар. Эмгек өлкөбүздүн саясий тарыхына, мамлекет катары калыптанышына кызыккан окурмандарга арналган.

Китеп “Улуу тоолор” басмасынан чыкты, 450 беттен турат.

XS
SM
MD
LG