Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Токтогулда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр ардагерлерге эстелик тургузууда


Райондун Бала-Чычкан айылында 1995-жылы мектепти бүтүргөн бүтүрүүчүлөр аймактагы согуш ветерандарына арнап эстелик тургузууда. Бул тууралуу жолугушуу кечесинин уюштуруучуларынын бири Азамат Абдиев "Азаттыкка" билдирди. "Айылда согуш ардагерлерин эскерүү үчүн бир да эстелик жок. Ошол себептен Айылчы Иманалиев атындагы мектепти бүтүргөн классташтар биригип, быйылкы жолугушуубузду шылтоо кылып, айлыбызга атайын эстелик тургузууну ниет кылдык" дейт Абдиев.

Мектептин жанына салынып жаткан эстеликтин курулушу башталып, ал үчүн бүтүрүүчүлөр жалпысы 500 миң сом чогулткан. Ага аймактагы 30га жакын ардагердин ысымдары жазылат. (RsK)

XS
SM
MD
LG