Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

Жапониянын согуш учактарынын абага көтөрүлүүсү рекорддук деңгээлге чыкты


Кытай Жапониядан талашкан Сенкаку аралдары. 2010-жылы тартылган сүрөт.

Кытай Жапониядан талашкан Сенкаку аралдары. 2010-жылы тартылган сүрөт.

Коргоо министрлиги жарыялагандай, акыркы бир жыл ичинде Жапониянын согуштук учактары алардын аба мейкиндигине жакындап келе жаткан чет элдик учактарды кармоо үчүн 943 жолу көтөрүлгөн.

Бул 2013-жылга салыштырмалуу 16%га көптүк кылат жана мындай учур буга чейин акыркы ирет Кансыз согуш доорунда, 1984-жылы ал кездеги СССР Жапониянын айланасында абдан активдүү болгон кезде катталган.

Жапон коргоо министрлигинин ырастоосунда, бирок өлкөнүн аба мейкиндигин бир дагы чет элдик учак бузган жок.

Токио согуштук учактарынын учууларын негизинен коңшу Кытай менен Орусиянын абадагы аракеттерине жооп катары көбөйтүүдө.

Жапония Орусия менен Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССР тарабынан ээленген Куриль аралдарын талашып жүрсө, Кытай менен Чыгыш Кытай деңизиндеги аралдар боюнча талаш бар.

Орусия менен талаштан айрымаланып, бирок ал аралдарды Жапония өзү көзөмөлдөйт. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG