Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Жабырлануучулар Кадыралиевдин үй камагына чыкканына нааразы


Канжар Кадыралиевдин карактоосуна туш болдук деген айрым жабырлануучулар жана алардын адвокаты бүгүн Бишкекте маалымат жыйын өткөрдү. Алар Кадыралиевдин бир нече убактан бери качып жүргөнүнө карабай үй камагына чыгарылышына нааразылыгын билдиришти. Адвокат Азизбек Турдалиев, соттун буга байланыштуу чечимин негизсиз деп атады. Анын айтымында, Жогорку Сот 20-апрелде бул маселени карайт. Жабыркаган тарап айыпталуучу өзү болбосо да, башка бирөөлөр аркылуу коркутуп-үркүтүп жатканын билдиришти.

2014-жылы Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү Канжар Кадыралиев башында турган топтун карактоосуна кабылганын коомчулукка жар салган. Кийин Кадыралиевдин үстүнөн башка дагы жарандардан арыз түшүп, мындан соң Башкы прокуратура Кадыралиевге бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Ош шаардык соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 26-мартта Кадыралиев ден соолугуна байланыштуу дарыгерлерге кайрылып, андан кийин өз эрки менен прокуратурага келген.

Кадыралиев Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы. Ал агасына козголгон ишти саясий атаандаштарынан көрүп келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG