Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Путин түз байланышты экономикадагы оң жылыштарга көңүл буруудан баштады


Орус президенти бүгүн теле аркылуу кезектеги түз байланышка чыгууда.

Суроо-жооптун башталышында Путин орус экономикасындагы айрым оң жылыштарга, рублдин наркы көтөрүлө баштаганына, мунай өндүрүү көлөмү көбөйөрүнө жана жакшы түшүм күтүлүп жатканына көңүл бурду.

Орусияда өмүрдүн узактыгы өскөнүнө, өлүм көрсөткүчтөрү кыскарганына токтолду.

Дүйнөлүк банк ушул айдын башында Орусиянын улуттук дүң өндүрүшү быйыл 3,8%га, 2016-жылы 0,3%га кыскарарын болжолдогон эле.

Орусиянын былтыр Крымды аннекциялоосу жана Украинанын чыгышындагы жаңжалга аралашуусу Батыш өлкөлөрүнүн ага каршы экономикалык санкцияларды киргизүүсүнө алып барган.

Мындан жана мунай баасынын арзандоосунан улам былтыр рубль 40%дан ашуун нарксызданган болчу.

Бирок быйыл жыл башынан бери рубль кайра 20%га көтөрүлдү.

Кечээтен бери бир америкалык доллар 49-50 рублдин ортосунда сатылууда. Мындай көрсөткүч акыркы ирет былтыр ноябрда катталган. (UE)

XS
SM
MD
LG