Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

Жолдубаева: Мамдирекция боюнча козголгон кылмыш иштер жанданат


Мамлекеттик дирекция курган үйлөр. Ош шаары, 28-июль, 2012
Мамлекеттик дирекция курган үйлөр. Ош шаары, 28-июль, 2012

Бул тууралуу Башкы прокурор Индира Жолдубаева бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын белгилешинче, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекцияга байланыштуу төрт кылмыш иши козголгон. Алардын үчөө айыпталуучулар аныкталбагандыктан убактылуу токтотулган. Бирөө кылмыштын составы жок болгондугуна байланыштуу кыскарган. Жолдубаева жакында токтотулган иштерди жандантуу боюнча тергөө тобу Ошко бара турганын билдирди. Маалыматка ылайык, Эсеп палатасынын мамдирекцияга байланыштуу иликтөөсүнүн жыйынтыгы Башкы прокуратурага өткөн айда келип түшкөн. Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык, Башкы көзөмөл органы июнь айында дирекциянын башында турган кызматкерлерге укуктук баасын бериши керек.

Буга чейин депутаттык комиссия дирекциянын ишин текшерген. Анда дирекция өз ишинде бир катар финансылык мыйзам бузууларга жол берип, курулуш иштерин сапатсыз жүргүзгөн деген тыянак чыгарган.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы 2010-жылдын июнь окуясынан кийин түзүлгөн. Ал жабыркагандарга жардам, курулуш жана каржылык көмөктү жөнгө салуу милдетин аткарып келген. Дирекция мамлекеттик башкарууну оптимизациялоо боюнча комиссия сунушуна байланыштуу былтыр январь айында жоюлган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG