Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:18

БШК парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүүнү сунуштады


Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону ушул жылдын 4-октябрында өткөрүү ыңгайлуу болорун билдирген катты президент Алмазбек Атамбаевге жолдоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат катчысы Кыял Бектурова бүгүн билдирди. Катта Жогорку Кеңештин депуттарын шайлоо боюнча конституциялык мөөнөт шайлоо өткөн убактан баштап эсептелери жана шайланып келген айда мөөнөтү бүтөрү белгиленген. Ошол себептүү БШК төрагасы 4-октябрды ыңгайлуу дата катары көрсөткөн.

Парламенттик шайлоо 2010-жылы октябрда өткөн. Быйылкы шайлоо ушул жылдын күзүндө болору болжолдонууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG