Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:04

УКМК: кыргыз-өзбек атайын кызматтары келишим түзгөн эмес


Кыргызстан менен Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматтары качкындарды алмашуу боюнча өз ара келишим түзгөнү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирип, бул боюнча комментарий берилбесин кошумчалады.

Бүгүн айрым эл аралык маалымат булактары баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Борбор Азиядагы адам укуктары” бирикмесинин жетекчиси Надежда Атаевага таянып, ушундай кабар тараткан болчу. Укук коргоочунун айтымында, эки өлкөнүн атайын кызматтарынын өкүлдөрү апрелдин башында жолугушкан. “Өзбек тарап Кыргызстанда баш калкалап жүргөн каракалпакстандык качкындарды берүүнү суранган. Ал эми кыргыз тарап анын ордуна 2010-жылдагы июнь калабасында качып кеткен этникалык өзбектерди сураган”,- деп жазылат билдирүүдө.

“Борбор Азиядагы адам укуктары” уюмунан башка укук коргоо борборлору бул боюнча үн ката элек.

Аталган уюмдун маалыматына ылайык, Кыргызстанда ушул тапта Өзбекстандын Каракалпак автономдуу жумуриятынын 50 чамалуу тургуну бар. Ал эми Өзбекстанда 2010-жылдагы калабада качып өткөн 100 чамалуу кыргызстандык жашап жүрөт. (SE)

XS
SM
MD
LG