Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:51

Сириядагы согушта 222 миңден ашуун киши өлгөнү документтештирилди


Өкмөттүк күчтөр Алеппонун ал-Фердоуси районуна абадан сокку урган учур. 14-апрель, 2015-жыл.
Өкмөттүк күчтөр Алеппонун ал-Фердоуси районуна абадан сокку урган учур. 14-апрель, 2015-жыл.

Баш кеңсеси Британияда жайгашкан уюм – Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы билдиргендей, алар Сирияда 2011-жылдын мартында президент Башар Асаддын режимине каршы тынч башталган демонстрациялардын арты кандуу кагылыштарга айлангандан бери 222 271 адам өлгөнүн документтештирди.

Уюмдун эсептерине караганда, алардын 67 293ү жайкын тургундар,

80 000ден ашууну сириялык жоокерлер жана президент Асадга жантарткан согушкерлер.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы ошондой эле оппозициянын 40 000 жакын согушкери менен армиядан качкандардын, 28 000дей чет элдик согушкердин өлүмүн да документтештире алган.

Уюмдун ишениминде, өлгөндөрдүн чыныгы саны 310 миңден ашуусу мүмкүн. Анткени, өкмөт да, козголоңчулар да уруш талаасындагы жоготууларынын көбүн жашырышат.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы алар документтештирген эсепке туткунга алынган миңдеген адамдар, уурдалган соң дайын-дареги белгисиз болуп жаткандар киргизилбегенин кошумчалады. (UE)

XS
SM
MD
LG