Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Журналисттерди коргоо комитети Бузинанын өлүмүнө байланыштуу билдирүү жасады


Маркум Олесь Бузина.
Маркум Олесь Бузина.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети уюму Киевде журналист Олесь Бузинанын киши колдуу болушун талкуулап, Украина бийлиги муну дыкат иликтеши зарылдыгын билдирди. Укук коргоочулар анын өлүмү жумушуна байланыштуубу же жокпу, такталышы керектигин белгилешүүдө.

45 жаштагы Олеcь Бузинаны беткапчан адамдар 16-апрелде Киевдеги үйүнүн жанында атып кетишкен. Маркум орусиячыл көз караштагы макалалар менен таанымал болчу жана Орусиянын Украинага карата саясатын колдогон эмгектерин “Сегодня” деп аталган гезитте жарыялап келген.

Ал былтыркы парламенттик шайлоого “Орусия блогу” партиясынан катышып, бирок өтпөй калган эле. Орус президенти Владимир Путин муну “саясий өлтүрүү” деп атады. (SE)

XS
SM
MD
LG