Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Киевде Бузинанын өлүмүнө шектүү кишинин унаасы табылды


Олесь Бузина атылган жер. 16-апрель, 2015-жыл.
Олесь Бузина атылган жер. 16-апрель, 2015-жыл.

Киевде 16-апрель күнү киши колдуу болгон журналист Олесь Бузинанын өлүмүнө шектелген адамдын унаасы табылды. Милиция машинеге Италиянын номери орнотулганын, ичинде эч ким болбогонун билдирди.

Журналистти чымкый көк түстөгү Ford Focus үлгүсүндөгү унаа айдап келгендер атып кеткенин Украина ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко мурдараак кабарлаган болчу.

Ал арада эл аралык Журналисттерди коргоо комитети да Бузинанын өлүмүн талкуулап, Украина бийлиги муну дыкат иликтеши зарылдыгын билдирди.

45 жаштагы Олеcь Бузинаны беткапчан адамдар Киевдеги үйүнүн жанында атып кетишкен. Маркум орусиячыл көз караштагы макалалар менен таанымал болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG