Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

Барактыктардын эгиндери чыгарылды


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, Барак эксклавынан Кара-Суу районунун Сары-Колот участкасына көчүп чыккан жарандардын 3 тонна 807 кг буудайы жана 89 тонна 942 кг жүгөрүсү Кыргызстанга чыгарылды. Жүктүн ээлеринин өтүнүчү боюнча жүктөлгөн жүктүн баары Кызыл-Кыя шаарына жеткирилген.

14-апрелде Өзбекстанга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 даана оор жүк ташуучу унаасы жөнөтүлгөн эле.

Учурда Баракта 20 чакты жергиликтүү тургун калган. Калгандары Сары-Колотко көчүп келе беришкен. Барактын жалпы аянты 210 гектар. Өзбектандын курчоосунда калган Барак айылына кирүүчү жол 2013-жылы 16-январда өзбек бийлиги тарабынан жабылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG