Караколдо кечээ түнү башталган кардын калыңдыгы 5 сантиметрге жетти. Кечээ жааган жамгыр карга айланып, азыр да жаап жатат. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, катуу жааган кардын кесепетинен аймакта үшүк жүрүшү күтүлөт. Аба ырайы алдыдагы эки-үч күн бою ушул абалда сакталып, коммуналдык кызматтардын да ишин кыйындатышы мүмкүн экенин аталган мекеме эскертет. (AsA)