Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:15

Бүгүн Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясы Кумтөр маселесин талкуулады. Фракция лидери Феликс Кулов "Центерра" Кумтөрдү улутташтырууга түртүп жатканын белгилеп, азыркы шартта үлүшү теңме-тең болгон биргелешкен компания түзүү да пайдасыз экенин айтты. Жыйында фракция Кумтөрдү улутташтыруу максатсыз деген чечимин чыгарды. Мындай жагдайда өкмөт "Центерранын" кошумча акциясын сатып алсын деген сунуш жактырылды.

Бүгүн түштөн кийин Коалициялык көпчүлүк Кумтөр маселесин талкуулайт. Анда улутташтыруу, үлүшү теңме-тең болгон биргелешкен ишкана түзүү же өкмөттү кетирүү маселеси бир жаңсыл чечилиши мүмкүн. Коалициялык көпчүлүктөгү "Ата Мекен" жана "Ар-намыс" фракциялары өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге сүйлөшүү үчүн дагы бир ай убакыт берүүнү жакташууда.

Парламент 9-апрелде Кумтөр маселесин караган. Анда алтын кенин иштетүү боюнча өкмөттүн Канаданын "Центерра" компаниясы менен сүйлөшүп, бир чечимге келе албаганы үчүн Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүн сынга алып, аягында ишине “канааттандырарлык эмес” деген баа берген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG