Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:50

Каракол: согуш ардагери Емельяновго үй берилери белгисиз


Каракол шаарында акыркы бир жарым жылдан бери батирде жашап жаткан согуштун ардагери Федор Емельяновго жергиликтүү бийлик тарабынан батир берилери белгисиз бойдон калды.

Буга чейин шаардык мэрия өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен ардагерге үй сатып берүү үчүн калаадан бир нече батирди тандашкан. Бирок бул маселе убактылуу токтоп калганын жана кандай чечилери азырынча белгисиз экенин Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова билдирди. Ал эми ардагер Федор Емельянов шаардык мэриянын өкүлдөрү батир алып беребиз деп убада кылышканын, бирок үч күн мурун келип бюджетте жетиштүү каражат жоктугунан ветеранга батир берилбей турганын айтышкан.

Ардагер Федор Емельянов 92 жашта. Анын мурдагы үйү жарандык никедеги жубайына таандык болгондуктан, жубайы каза болгон соң кызы үйүн сатып жиберген. 2013-жылдан бери ардагер үч жолу батир алмаштырды. Ижара акысын айына 4 миң сомдон Каракол шаардык мэриясы төлөп келүүдө. (AsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG