Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Чаткалда 7-класстын окуучусу асынып алды


Райондун Айгыр-Жал айылындагы Исманали уулу Матиш атындагы орто мектептин 7-классынын окуучусу 2001-жылы туулган Ырыскелди Самибаев өз үйүнүн ажатканасында асынып алган.

Окуучунун жансыз денесин туугандары табышканын облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирет. Окуучу туугандарынын колунда жашачу. Анын денесин соттук медициналык кароодон өткөрүүдөн туугандары баш тартышкан. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Жыл башынан бери облуста жети окуучу өз өмүрүн кыйган.

2014-жылы республика боюнча 106 бала өзүнө кол салган. Быйыл эки ай ичинде эле өз өмүрүн кыйган өспүрүмдөрдүн саны 21ге жеткен. Адистер балдар өлүмүнө ата-энелер менен баланын ортосунда диалогдун азайып кеткени негизги себеп дешет. Мындан тышкары социалдык теңсиздик, жоопсуз сүйүү ушундай кайгылуу окуялар менен бүтөрүн айтышат. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG