Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

“Вечерний Бишкек” Ниязов, Илмиянов жана Мамбеталиевди күнөөлөдү


“Вечерний Бишкек” басылмасынын жамааты президент Алмазбек Атамбаевге ачык кат жолдоду. Ачык кат vb.kg сайтында жарыяланды. Анда басылманын тегерегиндеги соңку жагдайлар кооптуу көрүнүш катары сыпатталат. Басылма 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин, май айындагы жолугушууда Атамбаев “Вечерний Бишкек” Александр Кимге тийиштүү экенин, ал Бакиев бийлигинин рейдерлик басып алуусунан кутулганын айтканын эске салат.

“Бүгүн Акаев, Бакиев тушундагыдай башкаруу режими калыптанууда. Эгер Акаевдин убагында бардык ишти анын күйөө баласы Адил жана уулу Айдар, Бакиевдин тушунда Максим менен иниси Жаныш башкарып келсе, азыр бардык мамлекеттик иштерде сиздин мурдагы айдоочуңуз Икрамжан Илмиянов, мурдагы жансакчы Эркин Мамбеталиев турат”, - деп жазылат ачык катта. Мындан сырткары Жогорку Сот жогору жактын айтканын аткарганы, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовго маалыматтык ресурс, аты аталган эки адамга акча керектиги жазылган. Буга байланыштуу басылманын жамааты Орусия, Казакстан, Беларус президенттери Влидимир Путин, Нурсултан Назарбаев, Александр Лукашенкого кайрылары белгиленген.

Биринчи май райондук соту өз чечими менен “Рубикон” жарнама бөлүмүнүн элүү пайыз акциясы бизге таандык деп эсептеген Александр Рябушкиндердин үй-бүлөсүнүн арызын канааттандырып берген болчу. Кийин Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. Гезиттин жамааты Рябушкиндин артында Фарид Ниязов турат деп шектенип жатышат. Фарид Ниязов “Вечерний Бишкектин” айыптоосун четке кагып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG