Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:28

Пакистанда "Хаккани" тобунун кол башчысы өлтүрүлдү


Пакистанда талиптер менен байланышы бар "Хаккани" согушкер тобунун кол башчыларынын бири атып өлтүрүлдү. Бул кабарды расмий Исламабад жана "Талибан" кыймылындагы айрым булактар бышыкташты. Маалыматтарга ылайык, Фарук Задран жана дагы 10 согушкер Түштүк Вазиристандагы алыскы райондордун биринде текшерүү пунктунда аскерлер менен атыша кеткен. Натыйжада 9 жоочу колго түшүрүлдү, бирөө качып кетти.

Исламчыл экстремисттердин башын бириктирген "Хаккани" тобу Ооганстан менен Пакистандын чек ара аймагында иш алып барат.

АКШнын расмий адамдары уюмдун согушкерлеринин Пакистан өкмөтүндө байланыштары бар деп, Ооганстандагы айрым кол салуулар үчүн айыптап келишти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG