Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Коалициялык кеңеш Кумтөр маселесин талкуулоодо


Жогорку Кеңештеги Коалициялык кеңеш Кумтөр маселесин талкуулап жатат. Башкаруучу коалициянын жетекчиси Феликс Куловдун белгилешинче, "Центерра" Кумтөрдү улутташтырууга түртүүдө. Ал эми жыйынга катышып жаткан “Кыргызалтын” ишканасынын башчысынын милдетин аткаруучу Кылычбек Шакировдун белгилешинче, директорлор кеңешиндеги Кыргызстандын өкүлдөрү Кумтөрдө алтын запасы аз калган деген тыянакка макул болушкан.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун буга чейин билдиргени боюнча, улутташтыруу, үлүшү теңме-тең болгон биргелешкен ишкана түзүү же өкмөттү кетирүү маселеси бир жаңсыл чечилиши мүмкүн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG