Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:13

Аба ырайы: үшүк жүрөт


18-апрелде түнкүсүн Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда айрым жерлерде 0…-2 градуска чейин түшүп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө коркунучтуу.

Абанын температурасы:

18-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Чүйдө түнкүсүн4...9, күндүз 15...22,
Таласта түнкүсүн 1...6, айрым жерлерде 0...-2, күндүз 15...20,
Баткенде түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11...6, айрым жерлерде 0...-2, күндүз 15...20,
Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 12...17,

18-апрелде Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн экинчи жарымында жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 20…22° жылуу болушу күтүлөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG