Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Жогорку Сот: журналист Орунбеков акталган жок, иши кыскарды


Жогорку Соттун маалымат кызматы журналист Дайырбек Орунбековдун иши боюнча соттун чечимине тактоо киргизди. Маалыматта, журналист акталбай, иши кыскарганы белгилет. “Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2015-жылдын 16-апрелинде судья А. Боромбаевдин төрагалыгы алдында Жазык процессуалдык кодекстин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктунун негизинде Дайырбек Орунбековго карата жазык ишти мамлекеттик айыптоочунун жеке - ачык айыптоону колдоодон баш тарткандыгына байланыштуу өндүрүштөн кыскарткан”, - деп жазылат басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Буга чейин адвокат Жыргал Бабаев бул иште кылмыштын элементтери жок экенин белгилеп, кылмыш ишти кыскартууну соттон өтүнгөн. 16-апрелдеги сот отурумунда прокуратура дагы ушундай өтүнүч келтиргенин, эки жагдайды эске алып сот кылмыш ишти кыскартып, актаганын Орунбеков белгилеген болчу.(КЕ)

XS
SM
MD
LG