Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:59

Адам укуктары боюнча комиссариат Украинадагы абалга тынчсызданды


БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комисcарынын басма сөз катчысы Равина Шамдасани Донецк аэропортуна жана Широкино айылына жакын жерде салгылашуулар күчөп жатканын билдирди. Анын айтымында, Минск келишими эки тараптан тең бузулуп, ракета, артиллерия менен танктар колдонулуп жатат.

Шамдасани айым мурдагы депутат Олег Калашниковдун жана эки журналисттин Киевде киши колдуу болушу тез арада акыйкат тергелиши керек деди.

Адам укуктары боюнча комиссариат былтыркы жылдын апрель айынан бери Украина чыгышындагы жаңжал 6 миң 116 кишинин өмүрүн алып кеткенин маалымдады.


Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG