Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:44

Саддам Хусейндин мурдагы жардамчысы өлтүрүлгөнү маалымдалды


Ирактын расмий өкүлдөрү мурдагы диктатор Саддам Хусейндин орун басары жана “Ислам мамлекети” радикал уюмунун “идеялык атасы” делген адам 17-апрелде атып өлтүрүлгөнүн билдиришти.

Жергиликтүү бийликтер жана армия жетекчилери Эззат ал-Дури Тикрит шаарынан алыс эмес жердеги Талал Хамрин тоолорундагы операция учурунда жок кылынганын ырасташты. Генерал Хайдер ал-Басринин Ирак телеканалына айтымында, Дури жана тогуз жансакчысы ирак армиясы жана шиит бөлүктөрү тарабынан өлтүрүлдү. Генерал алар кербенге эмне себептен ок ачышканын тактаган жок.

Ирак өкмөтү жума күнү кечинде Дуринин сөөгү делген сүрөттөрдү жарыялады. Маркумдун тек-жайын аныктоо үчүн ДНК анализи текшерилмекчи.

Дури 2003-жылы АКШ армиясы Иракка кирип баргандан бери дайынсыз болуп келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG