Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Башкы прокурор президенттин ар-намысын коргоо боюнча сотко арыз жолдоду


Башкы прокурор Индира Жолдубаева президенттин ар-намысын коргоо боюнча Аламүдүн райондук сотуна арыз жолдоду.

2014-жылдын 30-сентябрында журналист Дайыр Орунбеков «maalymat.kg» жана «Kyrgyztoday.kg» интернет сайтына “Отунбаева көз жумуп, Атамбаев унутуп калган Ош окуяларына качан саясий баа берилет?” деген макаланы жайгаштырган.

Башкы прокуратуранын белгилешинче, Дайыр Орунбеков 2010-жылкы Ош окуяларынын себептери боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы, трагедиянын күнөөкөрлөрү туурасында билип туруп, атайы эле президентти жана Убактылуу өкмөттүн башка өкүлдөрүн өтө оор кылмыш үчүн айыптаган.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура Дайыр Орунбековго карата Кылмыш кодексинин 329-беренеси боюнча (оор жана өтө оор кылмыш жасалгандыгы тууралуу атайы жалган маалымат таратуу) кылмыш ишин козгогон.

Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту 2015-жылдын 16-апрелинде Дайырбек Орунбековго карата жазык ишти мамлекеттик айыптоочунун жеке - ачык айыптоону колдоодон баш тарткандыгына байланыштуу өндүрүштөн кыскарткан.

Бирок Башкы прокуратура аталган макалада президенттин ар-намысына шек келтирген жагдайлар бар деген негизде Кылмыш кодексинин 4-беренеси боюнча (“Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндөгү”) сотко кайра арыз жолдоду. (AzK)

XS
SM
MD
LG