Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын “Азаттыкка” билдиришинче, 18-апрелге караган түнү Кадамжай районундагы Үңкүр-Сай жолунда келе жатка унаа көпүрөдөн түшүп кеткен.
Машиненин айдоочусу каза таап, жанындагы жүргүнчү аял жеңил жараат менен жергиликтүү ооруканага жеткирилди. Кырсыктын себептери иликтенип жатат.(AzK)