Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Бишкекте Борбор Азиядагы суулар боюнча биринчи музей ачылат


Бул туурасында ЕККУнун Бишкектеги борборунан билдиришти. Аталган музей 22-апрелде Бишкектеги Скрябин атындагы улуттук агрардык университеттин гидрология факультетинде ачылат.

Университетте инженердик жана декоративдик эмгектер төрт жылдан бери жасалып келе жаткан. Экспонаттардын басымдуу бөлүгү интерактивдүү болуп cаналат. Бул көрүүчүлөргө суу айлампаларынын процессин жакшылап түшүнүүгө шарт түзөт.

Музейди түзүү демилгесин 2011-жылы “АКМЕНА” коомдук бирикмеси сунуштаган. ЕККУнун Бишкектеги борбору жана ПРООНдун Глобалдык экологиялык фондунун чакан гранттар программасы демилгени колдоого алышкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG