Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Обама: Мыйзам долбоору ядролук сүйлөшүүнү "жолдон чыгарбайт"


АКШ президенти Конгресс сунуш кылган мыйзам долбоору Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүнү нугунан чыгара албайт деп ишенет.

Обама 17-апрелде Ак үйдө болгон маалымат жыйынында Конгресске ар кандай келишимди карап чыгууга уруксат берген мыйзам долбоору “терең ойлонулуп жетишилгенин” жана ага кол коюуну мерчемдеп жатканын айтты.

"Сенаттын Тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Боб Коркер жана бул комитеттеги мартабалуу демократ Бен Кардин мыйзам долбооруна Иран менен келишимди ойрон кылчу эч кандай түзөтүү киргизилбесин убада кылды" деп кошумчалады Обама.

2-апрелде АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция, Германия жана Иран аталган келишимдин негизинде макулдашкан. Ирандын ядролук программасы боюнча корутунду келишимге 30-июнда кол коюлууга тийиш.(АУ)

XS
SM
MD
LG