Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Ошто “Аскер таланттары -2015” сынагы өттү


Ош шаардык маданият башкармалыгы менен Коргоо министрлигинин түштүк чыгыш командалыгы биргелешип, экинчи дүйнөлүк согуштун 70-жылдыгына карата “Аскер таланттары -2015” сынагын өткөрүштү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Сынактын катышуучулары патриоттук чыгармаларды, офицердик бийлерди аткаруу боюнча атаандашты. Ага Ош, Гүлчө, Баткен, Майлы-Суу Ала-Букадагы аскер бөлүктөрүнөн жүздөн ашык аскер кызматкери катышты.

Жеңүүчүлөр Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан сыйланышты. (YI )

XS
SM
MD
LG