Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:14

Ошто жаштардын “Таза короо” ишканасы колдоо тапты


Ош шаарынын тургуну Саид Гапуров достору менен биргеликте көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун тазалоочу “Таза короо” ишканасын түзүштү. Бул тууралуу жаңы түзүлгөн “Таза коргоо” ишканасынын жетекчиси Саид Гапуров билдирди.

Анын айтымында, “Таза короо” ишканасы көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддерин жууп, короолорун шырып, жашылдандыруу иштерин аткарышат. Ал кызматы үчүн көп кабаттуу үйлөрдөгү ар бир батир ээсинен айына жүз сом акы алышат.

Ишкерлердин айтымында, бул баа подъезддерди аптасына эки жолу жууганы үчүн ар бир батирден 200 сом акы алган жеке адамдардын кызматынан үч эсе арзан экен.

Жаштардын бул долбоорун калаа жетекчилиги да колдоого алып, шаар тургундарын алар менен иштешүүгө чакырган.

Учурда “Таза короодо” 61 адам эмгектене баштады. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG