Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:28

Барак Обама: Орусияга каршы санкциялар сакталыш керек


АКШ президенти Барак Обама Евробиримдикти Минск келишимин толук ишке ашыргыча Орусияга каршы санкцияларды күчүндө сактап турууга чакырды. АКШ лидери алдыда боло турган саммитте Евробиримдиктин мүчөлөрү бул боюнча Орусияга ишарат жасаганын билдирди.

Буга чейин 20-мартта Европа кеңешинин президенти Дональд Туск Евробиримдиктин лидерлери Орусияга каршы санкцияларды сактап турууга макул болгонун билдирген.

Ал санкциялардын жеңилдетилиши Украинадагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча келишимдин толук ишке ашуусуна байланыштуу болушу керектигин белгилеген.

“Экинчи Минск келишими” аталып, Донбасстагы куралдуу конфликтти токтотууга багытталган аракеттердин комплекси Минскте 11-12-февралдагы саммитте Германия, Орусия, Франция жана Украинанын лидерлери жактырган. Келишимге ылайык, ок атышуу токтотулуп, эки тарап тең оор куралдуу техникаларын чектеп, коопсуз зона түзүлүшү керек. Мындан тышкары туткунга түшкөндөрдү бошотуп, аларды алмашуу чаралары камтылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG