Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

ИИМ менен “Стилсофт” соттошмой болду


Ички иштер министрлиги менен “Коопсуз шаар” долбоорун тендерден уткан “Стилсофт Бишкек” компаниясы соттошот.

Ички иштер министрлиги аталган компания өзүнүн мурдагы соттук иштери тууралуу маалыматтарын тендердик комиссиядан жашырганы үчүн аны менен макулдашууга кол коюлбай турганын жарыялады.

Тендерден уткан ал орусиялык компания Ички иштер министрлиги аны менен негизсиз жерден макулдашууга кол койбогонун жүйө кармап, сотко каршы доо арыз берди.

Жашырылган соттук иштер

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерде утуп чыккан орусиялык “Стилсофт Бишкек” компаниясы менен Ички иштер министрлигинин ортосунда макулдашууга кол коюлбай калды. Бул багытта эки жактын ортосундагы сүйлөшүүлөр жыйынтык бербеген соң тараптар маселени сот аркылуу чече турган болушту. Ички иштер министрлиги аталган компания тиешелүү талаптарга жооп бербеген жагдайда тендерден утуп чыккан деп эсептейт.

Курсан Асанов
Курсан Асанов

Мына ошондуктан ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов коюлган дооматтардын чын-төгүнүн аныктоо үчүн тараптар сотко кайрылганын айтты:

- Макулдашуу түзүп жаткан учурда бул компания буга чейин соттук териштирүүлөргө дуушар болгону тууралуу маалыматтарын тендердик комиссияга берген эмес экен. Алар эч кандай соттошкон эмеспиз дешсе, биздин ички иштер органдарынын алган маалыматы боюнча бул компания сот иштерине тартылган. Тендердин шарттарына ылайык, компаниянын таржымалы боюнча маалымат берилиши керек болчу. Бул боюнча азыр Ички иштер министрлиги сотко кайрылды. Ошондой эле ал компаниядагы сотко кайрылып жатат.

Быйыл 27-январда жыйынтыкталган “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерде “Стилсофт Бишкек” компаниясына тендердик комиссиянын 25 мүчөсүнүн жыйырмасы добуш берген. Тендердин шарттарына ылайык, уткан компания Бишкекте видео байкагыч жабдууларды өзүнүн эсебинен орнотмок. Кийин ал уткан компания жол кыймылындагы эреже бузуулардан түшкөн кирешенин элүү пайызын алмак.

Кристалдай тазалыктын төркүнү кайда?

Ички иштер министрлиги тендерден уткан компания өзүнүн мурдагы соттук иштерин жашырган деген дооматтын негизинде тендердик комиссиянын чечимин жокко чыгарууну соттон талап кылууда. Бирок “Стилсофт Бишкек” компаниясынын жетекчиси Юрий Стоянов мындай дооматты четке кагып, сотко арыз берди:

- Бул тууралуу бир нерсени жашыруу техникалык жактан мүмкүн эмес. Анткени арбитраждагы сот иштери боюнча маалыматтар интернетте ачык эле турат. Ошондуктан маалымат жашырды деген кине негизсиз. Биз сот жоопкерчилигине тартылган эмеспиз. Он соттук иштин жетисинде биз жабырлануучу катары арыз бергенбиз. Үч иш боюнча бизге каршы доомат коюлуп, бирок алардын аягы тынч ымга келүү менен бүткөн. Биздин аброюбуз кристалдай таптаза.

Ошол эле кезде Юрий Стоянов компания Орусиянын рыногунда иштиктүү тажрыйбага ээ экенин кошумчалады. Бирок адистер кезинде орусиялык компанияга караганда техникалык жактан бир топ ыңгайлуу шарттарды сунуштаган түркиялык, кытайлык жана молдавиялык компаниялар тендерден өтпөй калганын белгилешкен.

Саясат таануучу Адил Турдугулов тендерден уткан компаниянын кайсы бир чоң державага таандык болгон өзгөчөлүгү анын үстөмдүк абалын камсыздайт деген ойдо:

- “Стилсофт” жеке менчик компания деп айтылган менен анын артында Кремлге жакын адамдар жана Орусиянын атайын кызматтары турганы көрүнүп турат. Ошон үчүн Москвадан болгон бир эле телефон чалуу бул маселени чечип койот. Ошон үчүн мына ушул эле компания жеңүүчү деп табылып, өтөрүндө шек жок. Анан эми макулдашуу болгонго чейин эле мына ошондой былыктары ачыкка чыгып жатканы бийликтин ичинде эле ажырым бар экенин туюнтат.

Ички иштер министрлиги менен “Стилсофт-Бишкек” компаниясынын ортосундагы пикир келишпестик боюнча тараптардын доо арыздары Бишкек райондор аралык сотунда каралат. “Стилсофт-Бишкек” “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн 62 миллион доллар инвестиция киргизүүнү сунуштаган.

XS
SM
MD
LG