Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

Ооганстандын Жалалабад шаарында экинчи жарылуу болду. Бүгүн эртең менен банктын жанында болгон жарылуудан бери дегенде 33 киши набыт болуп, 100дөн ашыгы жараат алган. Алдын ала маалыматтарга караганда, жарылууну мотоцикл айдап келген жанкечти уюштурган.

Жарылуу болгон учурда банктын алдында мамлекеттик кызматчылар айлык акысын алуу үчүн кезек күтүп турушканы кабарланды.

Азырынча бул жарылуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бирок адатта бул шаардагы кол салуулардын артында "Талибан" террордук кыймылы турат. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG