Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Ооганстанда депутаттар жаңы өкмөттүн курамын бекитти


Ашраф Гани жана Абдулла Абдулла
Ашраф Гани жана Абдулла Абдулла

Ооган парламенти өкмөттүн 16 министрин кызматына бекитти. Бул ооган президенти Ашраф Гани менен анын шайлоодогу башкы атаандашы жана азыркы өкмөт башчы Абдулла Абдулла ортосунда бийликти бөлүштүрүү тууралуу макулдашууга кол койгондон кийин ишке ашты.

Учурда өкмөттөгү 25 кызмат орундун ичинен коргоо министринин орду гана бош турат. Себеби Гани менен Абдулла талапкер боюнча бир пикирге келе албай жатышат.

Өлкөдөгү этникалык жана диний карама-каршылыктардан улам ооган өкмөтүн түзүү маселеси бир нече айдан бери созулуп келатат. Президент Ашраф Ганини каршылаштары иштеп кете ала турган өкмөт курай албай жатат деп сынга алып келишкен. (ZMa)

XS
SM
MD
LG