Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Хоккей: "Азия чакырыгы" кубогунда Кыргызстан Малайзияны утту


Ушул күндөрү Кувейтте өтүп жаткан хоккей боюнча "Азия чакырыгы" кубогундагы оюндарды Кыргызстандын улуттук курамасы жеңиш менен баштады.

Эл аралык хоккей федерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 18-апрелде болгон алгачкы оюнда кыргыз хоккейчилери Малайзия курамасын 6:5 эсебинде утуп алды.

Оюндагы Кыргызстандын эсебине таандык голдорду бир жолудан Канат Абылмечин уулу, Кубанычбек Жунусов жана эки жолудан Саламат Тыналиев менен Дуулат Абышов киргизген.

18-апрелде башталган "Азия чакырыгы" кубогунун беттештери 25-апрелге чейин созулат. Башкы олжо үчүн Кыргызстан, Оман, Кувейт, Сингапур жана Индия командалары ойноодо.

Бүгүн кыргызстандык хоккейчилер Сингапур оюнчулары менен муз майданда таймашат. Бул кубокту уткан команда кийинки жылы "А" дивизионунда ойноого мүмкүнчүлүк алат.

Былтыр февраль айында Азия чакырыгы кубогунун оюндары Бишкекте өткөн. Бул беттештерде Кыргызстан курамасы баш байгеге башкы талапкер болуп, бирок чечүүчү беттеште Макао курамасына 3:2 эсебинде утулуп калган. (ECh)

XS
SM
MD
LG