Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Кыргызстандагы сот реформасы талкууга алынат


Бүгүн Бишкекте Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттери өлкөдөгү сот реформасына байланыштуу тегерек үстөл уюштурат. Иш-чарага парламент депутаттарынан тышкары Башкы прокуратурадан, Жогорку Соттон, жарандык коомдон өкүлдөр катышат.

Кыргызстанда 2010-жылкы апрель окуясынан кийин сот реформасын жүргүзүү талабы коюлуп, Сотторду тандоо кеңеши түзүлгөн. Аталган кеңеш буга чейин бир нече жолу кайра түзүлгөн. Быйыл март айынын башында жарандык коомдун өкүлдөрү Сотторду тандоо кеңешине талапкерлерди иргеп алуу процесси одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып, парламентти сотко берген.

Байкоочулар сот реформасы натыйжа бербегенин, соттор дагы деле бийликтен көз каранды экенин айтышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG