Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:45

“Вечерний Бишкек” президенттин тапшырмасы так аткарылбай жатканына нааразы


Бул тууралуу “Вечерний Бишкек” интернет басылмасынын баш редактору Дина Маслова “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтуусунда, президенттин буйругунан кийин иликтөөгө киришкен УКМК кызматкерлери маселени негизги көйгөйдөн бурууга аракет жасашууда:

- Алар кайрылууга ким кол койду, ким жазды, анан ким редакциялады жана ал сайтка кандайча жарыяланганына көбүрөөк кызыгышты. Менимче, бул маселени негизги көйгөйдөн башка жакка буруу аракети. Азырынча атайын кызматтын адамдары “Вечерний Бишкектин” жамааты эмне үчүн президентке кайрылууга аргасыз болгонубуздун үстүнөн, тагыраак айтканда, сот мыйзамсыз чечим чыгарган жана прокуратура акцияларды негизсиз камакка алган маселелер менен алектене элек.

“Вечерний Бишкек” басылмасынын эмгек жамааты мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, басылманы рейдерлик жол менен тартып алууга аракет кылып жатат деп айыптагандардын ичинде президентке жакын бир нече адамдын атын атаган болчу. Өткөн апта соңунда мамлекет башчы бул айыптоолорду иликтеп чыгуу боюнча тапшырма берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG