Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

Жамбылдагы автокырсыкта жаракат алгандардын бирөө көз жумду


19-апрелде Жамбыл облусундагы Алматы-Екатеринбург жолунда болгон автокырсыктан жарадар болуп, ооруканага жеткирилген отуз жаштагы Максатбек Сайкоев түн ичинде алган жаратынан көз жумду. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди.

Кечээ Алматы-Екатеринбург жолунда эки кичиунаа кагышып, он беш киши набыт кеткен. Алардын ичинен жетөө Кыргызстандын жараны экени тастыкталды. Дагы сегизинин тек-жайы аныктала элек. Каза болгондордун арасында жети, тогуз, он эки жаштагы балдар болгон.

Кырсыкка учураган автоунаалардын бири – жүргүнчү ташууга ыңгайлаштырылган Спринтер үлгүсүндөгү “Мерседес-Бенц” кичиунаасы бир күн мурун Ош шаарынан чыкканы тууралуу да маалымат айтылууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG