Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Жамбылдагы кырсыкта набыт кеткен дагы үч кишинин тек-жайы такталды


Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, набыт кеткендердин ичинде Эрлан Арзыкулов деген жаран Ак-Талаа районунун Баетов айлынын тургуну экени, Махаматжан Амираев Баткен облусундагы Самаркандек айлынын тургуну экени жана Мукамбет Сартмамбетов Кара-Кулжа районунун тургуну экени аныкталды. Ошондой эле кечээки кырсыкта набыт болгон беш бир тууган Оринбаевдер Ош шаарынын тургундары экени аныкталды. Оринбаевдердин ичинде алты, тогуз, он эки жаштагы үч бала бар. Отуз төрт жаштагы Оринбаева Гавхарай алардын апасы болушу мүмкүн.

Кечээ Алматы-Екатеринбург жолунда эки кичиунаа кагышып, он беш чамалуу киши набыт кеткен. Алардын ичинен он киши Кыргызстандын жараны экени тастыкталды. Дагы тек-жайы аныктала электери бар. Каза болгондордун арасында жети, тогуз, он эки жаштагы балдар болгон.

Кырсыкка учураган автоунаалардын бири – жүргүнчү ташууга ыңгайлаштырылган Спринтер үлгүсүндөгү “Мерседес-Бенц” кичиунаасы бир күн мурун Ош шаарынан чыкканы тууралуу да маалымат айтылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG