Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

ЕАЭБ тарапкерлери пикетке чыкты


Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү боюнча документтерди ратификациялоону тездетүү талабын койгон пикетчилер ушу тапта Жогорку Кеңеш имаратынын алдына чогулууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" уюштуруучу, жарандык активист Назарбек Нышанов билдирди. Анын айтымында, акцияга 20дай киши чогулду.

Пикетчилер ошондой эле мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге кайрылып АКШнын Кыргызстандагы элчилигине келген чоң жүк боюнча текшерүү жүргүзүүнү талап кылууда.

Өткөн аптада Бишкекке АКШ элчилиги үчүн учак менен 152 тонна жүк келген. Айрым маалымат каражаттары аны Кыргызстанда ыңкылап уюштуруу максатында келди деп жазып чыккан. Бирок АКШ элчилиги ал жаңы имараттын курулушуна керектелүүчү гана жүк экенин расмий билдирген. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG