Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Керри: АКШ Кыргызстанды колдоосун улантат


Кыргызстан АКШнын маанилүү өнөктөшү жана өлкөнүн эркиндиги, эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүнө көптөгөн жылдар бою көрсөтүлүп келаткан жардам мындан ары да улана берет. Бул тууралуу АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Вашингтондо Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолукканда айтканын бүгүн АКШ элчилиги кабарлады.

Элчиликтин маалыматына караганда, өткөн аптада аяктаган Кыргызстан-АКШ сүйлөшүүсү эки тараптуу кызматташтыкка жаңы дем берди.

АКШ Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп тааныган. USAID жана башка эл аралык программалары аркылуу өлкөдө адам укугун коргоо, демократия орнотуу, жакырчылыкты жоюу багытында бир катар ири долбоорлорду каржылап келет. (RK)

XS
SM
MD
LG